Бирөөгө катуу таарынып калуу, нааразы болуу. Ага айтпай койсок, өпкөсү казанбактай болор. Барганда учурашып кайтпасаң өпкөсү казанбактай болуп калат.
Абдан катуу таарынып калуу. Ага айтпай койсок, өпкөсү казанбактай болор. Барганда учурашып кайтпасаң өпкөсү казанбактай болуп калат. В.: Өпкөсү казандай, өтү аяктай болуу. Сабырдын өпкөсү казандай, өтү аяктай болуп, Баязды эстеген сайын итиркейи келип, туталанды (Жусупов). Өпкөсү казандай болуу. Өпкөсү тим эле казандай болду, ошондо. Өтү аяктай, өпкөсү казандай болуу. Бир айтасыңбы, эки айтасыңбы, өтүм аяктай, өпкөм казандай болду го, анда.